Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги IX сессиясы
2017-жылдын 17-августу № 81
“Мырза-Аке Таза суу” ичүүчү сууну колдонуучулардын айылдык коомдук бирикмесин Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеёешинин VI (чакырылышынын ) депутаттарынын кезектеги IX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени талкуулап ,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып , ”Финансы ,экономикалык бюджет жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Мырза-Аке Таза суу” ичүүчү сууну колдонуучулардын айылдык коомдук бирикмесин Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. “Мырза-Аке Таза суу” ичүүчү сууну колдонуучулардын айылдык бирикмесинин негизги каражаттарын эсептеп , инвентаризация иштерин толук бүтүрүп, Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүү Мырза-Аке ИСКАКБ нын жетекчиси Калмамат Дөөлөтбаевке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айылдык Кеёештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага | С.Т.Жусупов |