ТоктомКүчүндө

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 17-августундагы № 83 «Адыр ,Бабыр айылдарынын жолдоруна асфальт-бетон басууга каражат бөлүү жөнүндө» токтому

Редакция17.08.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги IX сессиясы

 

2017-жылдын 17-августу № 83

Адыр ,Бабыр айылдарынын жолдоруна асфальт-бетон басууга каражат бөлүү жөнүндө

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин VI (чакырылышынын ) депутаттарынын кезектеги IX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени талкуулап ,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып , ”Финансы ,экономикалык бюджет жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Адыр ,Бабыр айылдарынын жолуна асфальт-бетон басууга айыл өкмөтүнүн бюджетинен 4 млн акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Асфальт-бетон басууга акча каражатын бөлүп берүү айыл өкмөтүнү ФЭБ башчысы А.Аскаровко милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Бусуевке милдеттендирилсин.

 

Төрага

С.Т.Жусупов