МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги IX сессиясы
2017-жылдын 17-августу № 84
Бөлүнгөн каражатты жылдын аягына жылдыруу жана жаңы обьекттерге каражат кароо жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин VI (чакырылышынын ) депутаттарынын кезектеги IX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени талкуулап ,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып , ”Финансы ,экономикалык бюджет жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2 млн арка курууга бөлүнгөн акча каражаты жылдын аягына жылдырылсын Ниязалы көчөсүн асфальттоого каражат каралсын Аскер бөлүктөн интернатка чейин түнкү жарык кошуп орнотулсун.Бала бакчаларга 9 айдын жыйынтыгы менен каражат каралсын.
2. Бюджет боюнча туруктуу комиссия курамына жана айыл өкмөтүнүн башчысына чечкиндүү иш алып баруусу жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айылдык Кеёештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага | С.Т.Жусупов |