Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги IX сессиясы
2017-жылдын 17-августу № 85
Алтын –Булак айыл өкмөтүнүн арка курууга жер сураган арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин VI (чакырылышынын ) депутаттарынын кезектеги IX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени талкуулап ,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып , Айыл,жер,суу чарба,өнөржай,курулуш,транспорт,байланыш,энергетика
маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алтын Булак айыл өкмөтүнүн арка курууга жер сураган арызы канааттандыруусуз калтырылсын. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагына Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн аркасы курулуусуна депуттардын бир добуштан каршы экендиги , жер элдин байлыгы экендиги белгиленсин.
2. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн жери,элдин байлыгы экендиги эске алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага | С.Т.Жусупов |