Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги VII- сессиясынын
2017-жылдын 18-августу № 4
Кедей Арык айылындагы Көк-Жангак сел каналына көпүрө курууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Багыш айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Кедей Арык айылын аралап өтүүчү Көк-Жангак сел каналы эки айылды жана мазарга баруучу жолду кесип өткөндүгүнө байланыштуу айыл тургундардын ашар жолу менен куруп жаткан көпүрөгө акча каражатын бөлүп берүү боюнча айыл тургундардын атынан депутат Т.Абдумаматовдун кайрылуусун карап жана талкуулап Багыш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кедей-Арык айылындагы курулуп жаткан копуроого 50000(элуу мин) сом акча каражаты болунуп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Мурзабековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө Багыш айылдык Кеңешинин финансы-экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Култаевге милдеттендирилсин.
Төрага | А.Саражиев |