Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XV1 сессиясы
2017-жылдын 20-июну № 47
Самаркандек айыл өкмөтүнүн кайра болуштуруу фондунун жерлерин пайдалануу жөнүндө
Самаркандек айыл өкмөтүнүн айыл чарба, жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси С Аппазовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү жерлерин сарамжалдуу пайдалануу максатында Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XV1 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн кайра болуштуруу фондунун Рават участкасындагы 248 га кайрак айдоо жерине тамчылатып сугаруу ыкмасы менен бак отургузууга ижарачы Муратов Абди-Адиге макулдук берилсин.
2. Тамчылатып сугарууга керектелүүчү сууну Андиген-Самаркандек суу түтугунөн түнкү саат 00-00 дон 5-00 го чейин алууга уруксат берилсин.
3. Тиешелүү документтерди даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн айыл чарба,жерге жайгаштыруу боюнча башкы адисине тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Самаркандек айылдык кеңешинин агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Пирматов |