Загрузка документа…
ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын 6 чакырылышынын кезексиз сессиясы
2016-жылдын 22-ноябры № 22
"Осмонкулов айылдык аймагынын Талды-булак айылындагы №9-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жайгашкан имараттын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн түрткү берүүчү грантка өткөрүү жөнүнө"
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Осмонкулов айылдык аймагынын инфраструктурами өнүктүрүү максатында №9-уй-булелукдарыгерлер тобу жайгашкан имаратты капиталдык ремонттон өткөрүүгө түрткү берүүчү грантты алуу үчүн, айыл аймактын 2016-жылдагы үнөмдөлгөн акча каражатынан (жергиликтүү бюджеттен) 223 658 (эки жуз жыйырма үч миң алты жүз элуу сегиз) сом өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.
2. Осмонкулов айылдык аймагынын бюджетинин киреше булагына түшкөн кошумча акча каражатын №9-үй-бүлөлүк дарыгерлер жайгашкан имараттын капиталдык ремонту үчүн жумшоого макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Осмонкулов айылдык аймагынын башчысы У. Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Төрага | К.Султанов |