Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы
2017-жылдын 15-сентябры № 130
Токтогул шаарынын Башкы планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине жана Шаар куруу жана архитектура жөнүндөгү мыйзамына ылайык, 27.08.2015-жылдагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаев жана Мамлекеттик шааркурулушу жана архитектура долбоорлоо институтунун директору Т.С.Кеңешов менен түзүлгөн № 7-2/2015 келишимдин негизинде Токтогул шаарынын Башкы планынын долбоору иштелип чыккан.
Шаардын Башкы планы боюнча “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Токтогул шаарынын Башкы планы жалпысынын жактырылып бекитилсин.
2. Башкы план мэриянын кызматтык имаратындагы жалпыга жеткиликтүү жерде схема түрүндө жайгаштырылсын.
3. Шаар аймагында ар кандай имараттарды жана курулуштарды долбоорлоону, курууну, реконструкциялоону жүзөгө ашыруучу бардык юридикалык жактардын (менчигинин түрүнө карабастан) жана жеке адамдардын шаардын башкы планында көрсөтүлгөн чектерин сактоосу катуу көзөмөлгө алынсын.
4. Бекитилген пландын негизинде шаар аймагындагы кварталдарды деталдык пландаштырууну пландоо боюнча ыкчам иштер жүргүзүлсүн. Калктын пикирлерин эске алуу максатында алар боюнча коомдук угуулар өткөрүлсүн, жыйынтыгы кийинки сессияга сунушталсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Бул токтомду жалпысынан аткаруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясына (Н.Молдоказиев) тапшырылсын.
8. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана www.toktogul.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).
Төрага | К.Дербишев |