Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы
2017-жылдын 15-сентябры № 132
Токтогул шаарында ичүүчү сууну жана саркынды суу кетүүчү түтүктөрдү пайдалангандык үчүн тарифтерди бекитүү жөнүндө
Токтогул шаарынын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу багытында Токтогул өндүрүштүк-эксплуатациялык “Суу Канал” ишканасы менен Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР) 2017-жылдын 11-майында келишим түзүшкөн. Аталган келишимдин талаптарына ылайык, “Таза Суу” долбоорунун алкаганда ичүүчү таза сууну, саркынды сууларды кетирүүчү түтүктөрдү (канализация) пайдалангандык үчүн тарифтерди жогорулатуу зарылчылыгы келип чыгууда.
Жогорудагылардын негизинде Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 14 пунктун жетекчиликке алуу менен, Токтогул өндүрүштүк-эксплуатациялык “Суу канал” ишканасынын жетекчиси Ч.Анарбаевдин сунушу боюнча “Экономика, бюджет, финансы рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышынын корутундусун угуп, талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 15.09.2017-жылдагы кезексиз XXIX сессиясынын № 132 токтомуна Тиркеме
№ | Ачыктама | Өлчөө бирдиги | Баасы (сом) |
1 | Токтогул шаарынын жашоочуларына | 1 м3 | 10,08 |
2 | Бюджеттик мекемелерге | 1 м3 | 14,72 |
3 | Коммерциялык ишканаларга | 1 м3 | 14,72 |
4 | Саркынды сууну кетирүүгө | 1 м3 | 13,12 |
Төрага | К.Дербишев |