Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы
2017-жылдын 8-сентябры № 6/4
Күлүк-Дөбө айылындагы Турпак-Бел-Таш-Дөбө каналына ат коюу жөнүндө
Кербен шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 9-августундагы “Кербен шаарынын
Күлүк-Дөбө айылындагы Турпак-Бел-Таш-Дөбө каналына ат коюу жөнүндө” № 9 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кербен шаарынын Күлүк-Дөбө айылындагы Турпак-Бел-Таш-Дөбө каналына Ташыбеков Ашырбектин ысмы ыйгарылсын.Ал канал “Ташыбеков Ашырбек атындагы канал”- деп аталсын
2. Аксы райондук суу чарба башкармалыгына, тиешелүү иш кагаздарын токтомго ылайык келтирсин.
3. КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 610 токтому менен бекитилген «КР даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө”жобонун 25-пунктуна негиз, тиешелүү өзгөртүүлөр боюнча даректүү каттоого алуу жагы Аксы райондук жерге жайгаштыруу жана мүлктөргө укуктарды каттоо башкармалыгына сунушталсын .
4. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб - сайтында жарыялангандан кийин
күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы М.Камбаровага тапшырылсын.
Төрага | Н.Шадыбеков |