Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 03-августу № 5
Шаардык маршруттук автоунааларда жүргүнчүлөрдүн жол акысынын тарифи жөнүндө
Балыкчы шаарындагы “Кызыл-Саз-Транс” ЖЧКнун 13. 03. 2017 жылдагы кайрылууларына жана акыркы убактагы күйүүчү майлардын, унаа тетиктеринин кымбаттагандыгынан, каттамдагы автоунаалардын көпчүлүгү чыгашага учурап жана каттамдагы жүрүү графиктери сакталбай жаткандыктан жүргүнчүлөрдүн жүрүү акысынын тарифтерин жалпы бирдей кылып бекитип берүү маселелери боюнча кайрылуусун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Балыкчы шаарындагы “ Кызыл-Саз-Транс” ЖЧК автотранспорттук мекемесинин сунушун эске алып, маршруттук автоунааларда жүргүнчүлөрдүн жүрүү акылары № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Маршруттук каттамдагы автоунаалардын техникалык жана санитардык абалын жакшыртуу, жүргүнчүлөрдү тейлөө маданиятын көзөмөлдөөнү “ Кызыл-Саз-Транс” ЖЧК нун администрациясына милдеттендирилсин.
3. Токтом шаардык “Балыкчы” газетасына жарыялансын.
4. Кабыл алынгын токтом Ысык-Көл облусттук Адилет башкармалыгынан каттоодон өтүү жагы суралсын.
5. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндөгү чечимде, андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгын ырастайт.
6. “Кызыл-Саз-Транс” ЖЧК нун тарифи областык монополияга каршы комитетинен макулдашуу жагы сунушталынсын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Балыкчы шаардык Кеңешинин алдындагы курулуш,архитектура, муниципалдык менчик коммуналдык чарба жана өнөр жай, транспорт, ишкердикти өнүктүрүү маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Сартбаев |
| Балыкчы шаардык Кеңешинин XI сессиясынын № 5 токтомуна № 1 тиркеме |
№ п/п | Жүргүнчүлөрдүн категориясы | Колдонулган тариф
| Сунушталынган тариф |
1. | - жөнөкөй жүргүнчүлөргө - - окуучу балдарга - | 8 сом 6 сом | 10 сом 6 сом |
2. | Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери | бекер | бекер |
Кеңештин аппарат жетекчиси | А. Рахманов |