Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Балыкчы шаардык кеңешинин XXVII Чакырылышынын ХI – сессиясы
2017-жылдын 03-августу № 9
Балыкчы шаарынын муниципалдык “Суу түтүкчөлөр” мекемесинин иче турган сууга кызмат акыларын жогорулатуу жөнүндө
Балыкчы шаарынын муниципалдык “Суу түтүкчөлөр” мекемесинин 31. 07. 2017 ж. №295/03-01 шаар калкын таза суу менен тынымсыз камсыз кылуу үчүн иче турган сууга болгон кызмат акысын жогорулатуу тарифи тууралуу кайрылуусунун негизинде бюджет, экономика жана салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушуна ылайык мекеменин сунуштаган тарифин, кызмат көрсөтүүдөгү калькуляциясынын эсеп-кысабын , экономикалык абалын карап, талкуулап, Балыкчы шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Балыкчы шаарынын муниципалдык “Суу түтүкчөлөр” мекемесинин иче турган сууга коюлган кызмат акысы тарифи 9, 60 сом менен №1 тиркемеге ылайык бекитилсин. ( калгандары өзгөртүүсүз калтырылсын. )
2. Балыкчы шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын VII сессиясынын № 4 токтомунун №1 тиркемесиндеги “иче турган сууга” деген гана пункту ( 6,0 с.) күчү жоготулсун.
3. Балыкчы шаарынын муниципалдык “Суу түтүкчөлөр” мекемесинин иче турган сууга коюлган кызмат акысы боюнча тарифи Ысык-Көл облусттук Адилет башкармалыгынан каттоодон өтүү жагы суралсын.
4. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндөгү чечимде, андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгын ырастайт.
5. Токтом жергиликтүү “Балыкчы” гезитине жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөлгө алуу жагы шаардык Кеңештин башкы адиси К.З.Орузбаевага жана шаардык Кеңештин алдындагы бюджет, экономика жана салык маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Сартбаев |
| Балыкчы шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XI сессиясынын № 9 токтомуна № 1 тиркеме |
№ | Керектөөчүлөрдүн аталышы | ( Суу менен камсыздоо) Жашоочуларга карата тариф
| Канализация (өзгөртүүсүз ) | ||
2012 ж.
| 2017-ж.
| 2012 ж.
| 2012 ж. | ||
1.
|
Шаар жашоочулары (калк катмары ) |
6.0 с. |
9,60 с. |
4,53 |
4,53 |