Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-марты № 1
Савай айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин киреше, чыгаша бөлүктөрүн аткарылышын жана 2016-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын №18-беренесиниин негизинде Савай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылга карата Савай айылдык кеңешинин бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 18615,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Айыл аймагындагы мекеме ишканалар, атайын эсеп каражаттарына тушкөн акчаны аймактык казына бөлүмү аркылуу жургузулсун, өз алдынча кассадан чыгымдалышына жол берилсин.
3. Эсеп каражаттарында көрсөтүлгөн чыгымдар өз беренелери жана тармактары боюнча бөлүштүрүшүн жана корголгон беренелерди биринчилерден болуп каржылоо жагы каралсын.(эмгек акы ,соц фонд,льюгота тамак аш,электр энергия ,ж.б)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 08-июлундагы №403 токтомунун негизинде 36 штат, анын ичинен 8 айыл башчы (эмгек акы жетектөөчү адистин деңгээлинде эсептелсин) 4 ВУС инспектору жана 4 тейлөө кызматкери бекитилсин
5. Жыл ичинде айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына бюджеттин чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө уруксат берилсин.
6. Айыл өкмөттүн 2014-жылдан калган 2120,0 миң сом ,атайын каражаттардан калган 14,6 миң сом акча каражаттарына 2015-жылда кошумча смета түзүлүп бекитилсин .
7. Савай айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетти 2015-жылдан калган калдык менен 2341,2 миң сом бекитилсин.
8. Савай айыл өкмөтүнүн 2016-жылга 190,0 миң сом резерв фондуна бөлүнсүн.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
10. Савай айыл өкмөтүнүн 2017-ж, 2018-жылдагы бюджетинин долбоору бекитилсин.
Савай айылдык кеңешинин төрагасы |
Б.Мамашов |