Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
№3 сессиясынын (VI-шайланган) жыйналышы
2017-жылдын 12-майы № 3/4
Депутаттардын Сары-Булак айылдык Кенеши айыл аймагынын Сары-Кунгой, Сары-Булак, Тогуз-Булак, Конокбай-Талаа, Тегерек-Саз, Кара-Булак, Кызыл-Булак айылдарында жашаган кожолуктардын мусор жыйымын чогултуу жана айыл чарбасына жарактуу жерлерден алынуучу жер салыктары жөнүндө
Депутаттардын Сары-Булак айылдык Кеңеши айыл аймагынын Сары-Кунгой, Сары-Булак, Тогуз-Булак, Конокбай-Талаа, Тегерек-Саз, Кара-Булак, Кызыл-Булак айылдарында жашаган кожолуктардын мусор жыйымын чогултуу жана айыл чарбасына жарактуу жерлерден алынуучу жер салыктарын карап чыгып Сары-Булак айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл өкмөтунун аймагында жашаган кожолуктардын мусор төлөмү 50 (элуу) сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Айыл чарбасына жарактуу жерлерден алынуучу жер салыктары, салык кодексинин 337-беренесине ылайык бекитилсин.
3. Түтүн пулду чогултуу жагы Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адис К. Калбаевге милдеттендирилсин.
4. Чогултулган Түтүн пулду Сары-Кунгөй, Сары-Булак, Тогуз-Булак, Конокбай-Талаа, Тегерек-Саз, Кара-Булак, Кызыл-Булак айылдарындагы ташталган таштандыларды тазалоо, жана иретке келтируу иштерине жумшалсын.
5. Бул токтомду турмушка ашыруу жана көзөмөл жүргүзүү жагы Сары-Булак айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Мамажусуповго тапшырылсын.
Төрага | Ж. Акматалиев |