Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
№3 сессиясынын (VI-шайланган) жыйналышы
2017-жылдын 12-майы № 3/5
Сары-Булак айылдык Округдук Кеңешинин аймагындагы жашоочулардын чегерилген жайкы жайлоолорго кочуруунун жана кыштоолоруна көчүп келүүлөрүнүн мөөнөтүн белгилөө жөнүндө
Сары-Булак айылдык Кенешинин кезексиз чакырылган (VI-шайланган №3-сессиясынын жыйналышында каралган Сары-Булак айылдык округунун жалпы элдик жыйынында сунуштаган айылдык округунун аймагындагы жашоочулардын чегерилген жайкы жайлоолорго көчүрүүнүн жана жайкы жайлоолордон кыштоолоруна көчүп келүүнү белгилөө жөнундөгү сунушун угуп жана талкуулап Сары-Булак айылдык округдук кенешинин кезексиз чакырылган (VI-шайланган) №3-сессиясынын жыйналышы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айылдык окруктук кенешинин аймагында жайгашкан Сары-Кунгой, Сары-Булак, Тогуз-Булак айылдарынын жашоочулары чегерилген жайкы жайлоолорго 2017-жылдын 15-майынан 20-майына чейин көчүп чыгуусуна жана жайкы жайлоолордон кыштоолоруна 10-сентябрынан кийин көчүп келүүлөрү. Тегерек-Саз, Конокбай-Талаа, Кара-Булак, Кызыл-Булак айылдарынын жашоочулары 2017-жылдын 15-майынан 25-майына чейин көчүп чыгуусу жана жайкы жайлоолордон кыштоолоруна 15-сентябрынан кийин көчүп келүүлөрү белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булак айылдык Кенешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Акматалиев |