Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
№3 сессиясынын (VI-шайланган) жыйналышы
2017-жылдын 12-майы № 3/7
Сары-Булак айылдык Округдук Кенешинин аймагындагы айыл айылдарда чыгарылган таза суу түтүкчөлөрүн ремонттоп таза суунун үзгүлтүксүз чыгуусун камсыз кылуу боюнча Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жалпы элдик жыйынынын сунушун кароо жөнүндө
Сары-Булак айылдык Кеңешинин кезексиз чакырылган (VI-шайланган) №3-сессиясынын жыйналышында каралган Сары-Булак айылдык округунун жалпы элдик жыйынында сунуштаган айылдык округунун аймагындагы айыл айылдардагы чыгарылган таза суу түтүкчөлөрүн ремонттоп таза суунун узгултуксуз чыгуусун камсыз кылуу боюнча жашоочулардын жалпы элдик жыйынынын сунушун угуп жана талкуулап Сары-Булак айыдык округдук Кеңешинин кезексиз чакырылган (VI-шайланган) №3-сессиясынын жыйналышы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айылдык округтук Кеңешинин аймагында жайгашкан айыл айылдардагы чыгарылган таза суу түтүкчөлөрүн ремонттоп үзгүлтүксүз суу чыгуусун камсыз кылуу боюнча Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жалпы элдик жыйынында кабыл алынган элдик жыйындын сунушу бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булак айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Акматалиев |