Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-майы № 9/1
Жаны-Арык айыл аймагынын жайыт комитетине келе турган Камаз автоунаасынын туруктуулугун камсыздоосу жана айыл тургундарына кызмат көрсөтүү боюнча тарифтерин бекитүү жѳнүндѳ
Жаны-Арык айыл аймагынын жайыт комитетине келе турган Камаз автоунаасынын туруктуулугун камсыздоосу жана айыл тургундарына кызмат көрсөтүү боюнча тарифтери төмөндөгүдөй бекитилсин:
- Чабандарды кѳчүрүүдѳ жайыттын алыс жакынына карап сүйлѳшүү жолу менен – 1000 сомдон 3000 сомго чейин, майы ѳзүнчѳ;
- Айыл тургундарына –1 Камаз кум-шагыл түшүрүүдѳ 1000 сом, майы ичинде;
- Айыл тургундарына –1 Камаз чѳп тоютун жеткирүүдѳ 800 сом, майы ичинде;
- Айыл тургундарына –1 Камаз дан эгиндерин (арпа, буудай) жеткирүүдѳ 800 сом, майы ичинде;
2. Жаны-Арык айыл аймагынын жайыт комитетине келе турган Камаз автоунаасынын туруктуулугун камсыздоосуна (майларын алмаштырууга, эскилиги жеткен тетиктерин жанылап турууга ж.б.) -1 жылга 30 000 сом каралсын;
3. Камаз автоунаасынын 1 жылдык кызмат кѳрсѳтүүдѳн тапкан кирешеси 250 000 сомдон 300 000 сом болсо, анын 100 000 мин сому айдоочунун эмгек акысына жумшалса 30 000 мин 40 000 мин сому туруктуулун камсыздаса, калган акча каражаты Жайыт комитетинин бюджетине кошумча салым катары түшѳ тургандыгы белгиленсин;
4. Бул токтом айыл аймагынын баардык тургундарына тааныштырылсын;
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаны-Арык айыл аймагынын жайыт комитетинин тѳрагасы А.Алжаңбаевге тапшырылсын.
Төрага | К.Саралаев |