Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-марты № 4-4
Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин 2017-жылга карата түзүлгөн иш планын жана ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин 2017-жылга карата түзүлгөн иш планын жана ички тартип эрежелерин бекитүү максатында жайыт комитетинин төрагасы Ж. Кожобердиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин 2017-жылга карата түзүлгөн иш планы жана ички тартип эрежелери бекитилсин (тиркеме №1, №2 тиркелет эки баракта).
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин төрагасы Ж. Кожобердиевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жащылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | Т. Ыдырысов |