Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы
2017-жылдын 15-марты № 4-5
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу мамлекеттик айыл чарба фондусунун жерлерин ижарага берүү боюнча түзүлгөн комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу мамлекеттик айыл чарба фондусунун жерлерин ижарага берүү боюнча түзүлгөн комиссиянын курамын бекитүү жөнүндөгү айыл өкмөттүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси К. Асаналиевдин билдирүүсүн угуп жана жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын 2017-жылдын 27-февралындагы №22-б буйругу менен түзүлгөн Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу мамлекеттик айыл чарба фондусунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамы төмөндөгүдөй бекитилсин:
Комиссиянын төрагасы – Э. Сейитказиев, айылдык кеңештин депутаты;
Комиссиянын катчысы – Г. Мищбаева, айыл өкмөттүн киреше жана
жыйымдар боюнча жетектөөчү адиси;
Комиссиянын мүчөлөрү: М. Абдылдаев – айылдык кеңештин депутаты;
Ж. Акбаева – айылдык кеңештин депутаты;
К. Асаналиев – айыл өкмөттүн жетектөөчү адичи;
Ж. Тыналиев – Райондук агрардык өнүктүрүү
башкармалыгынын башкы адиси;
С. Үщүрова – кварталдык комитеттин башчысы;
2. Жогорудагы түзүлгөн комиссия өз компетенциясынын чегинде мыйзамдын негизинде иш алып барышсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси К. Асаналиевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөттүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.
5. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жащылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | Т. Ыдырысов |