Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы
2017-жылдын 15-марты № 4-6
Кыргыз Республикасынын +кмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна, менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү» типтүү жобого ылайык Ат-Башы айыл өкмөтүндө жерге укукту берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын +кмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна, менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү» типтүү жобого ылайык Ат-Башы айыл өкмөтүндө жерге укукту берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө айыл өкмөттүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Асанкул уулу Рахаттын билдирүүсүн угуп жана жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кещеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын +кмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна, менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү» типтүү жобого ылайык Ат-Башы айыл өкмөтүндө жерге укукту берүү боюнча комиссиянын курамы төмөндөгүдөй бекитилсин:
Комиссиянын төрагасы – К. Жапаров, айыл өкмөттүн башчысынын орун басары;
Комиссиянын катчысы – Асанкул уулу Р, айыл өкмөттүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси;
Комиссиянын мүчөлөрү: К. Асаналиев – айылдык кещештин депутаты;
И. Мелисов – айылдык кещештин депутаты;
У. Акматов – Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө
укуктарды каттоо башкармалыгынын адиси;
М. Ажыбаев– Райондук шааркуруу жана архитектура
башкармалыгынын инженери;
К. Молдоянова – Аялдар кещешинин төрайымы;
Жогорудагы түзүлгөн комиссия өз компетенциясынын чегинде мыйзамдын негизинде иш алып барышсын.
Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Асанкул уулу Рахатка милдеттендирилсин.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөттүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.
Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жащылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | Т. Ыдырысов |