Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы
2017-жылдын 16-июну № 6-3
Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө
Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К. Жапаровдун сунушун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кещеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервине талапкерлер тиркемеге ылайык сунушталсын (тиркеме тиркелет);
2. Бул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынан суралсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жащылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | Т. Ыдырысов |