Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы
2017-жылдын 16-июну № 6-4
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-2020-жылдарга карата болжолдуу долбоордук сметасын бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-2020-жылдарга карата болжолдуу долбоордук сметасын карап жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-2020-жылдарга карата болжолдуу долбоордук сметасы төмөндөгүдөй бекитилсин:
- 2018-жылга жергиликтүү киреше 18 874 900 (он сегиз миллион сегиз жүз жетимиш төрт миң тогуз жүз) сом, теңдештирилген грант 2 277 600 ( эки миллион эки жүз жетимиш жети миң алты жүз) сом, баардыгы 21 152 500 (жыйырма бир миллион бир жүз элүү эки миң беш жүз) сомго.
- 2019-жылга жергиликтүү киреше 19 607 800 (он тогуз миллион алты жүз жети миң сегиз жүз) сом, теңдештирилген грант 1 739 200 (бир миллион жети жүз отуз тогуз миң эки жүз) сом, баардыгы 21 347 000 (жыйырма бир миллион үч жүз кырк жети миң) сомго.
- 2020-жылга жергиликтүү киреше 20 416 300 (жыйырма миллион төрт жүз он алты миң үч жүз) сом, теңдештирилген грант 1 700 000 (бир миллион жети жүз миң) сом, баардыгы 22 116 300 (жыйырма эки миллион бир жүз он алты миң үч жүз) сомго.
Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Т. Жусубалиевге милдеттендирилсин.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.
Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | Т. Ыдырысов |