Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы
2017-жылдын 16-июну № 6-9
Ат-Башы айыл өкмөтүндө мамлекеттик сатып алуулар боюнча иштерди көзөмөлдөө үчүн айылдык кещештин депутаттарынан комиссия түзүү жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтүндө мамлекеттик сатып алуулар боюнча иштеринин мыйзам ченеминде жүргүзүлүшүн көзөмөлдөө максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн мамлекеттик сатып алуулар иштерин көзөмөлдөө боюнча комиссия төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:
Комиссиянын төрагасы Т. Сыдыков – Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты;
Комиссиянын мүчөлөрү: Э. Абдымаликов - Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты;
А. Жумабеков - Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты;
М. Абдылдаев - Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты;
Ж. Акбаева - Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты;
2. Түзүлгөн комиссия өзүнүн компетенциясынын чегинде талапка ылайык иш алып баруу жагы тапшырылсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жащылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | Т. Ыдырысов |