Загрузка документа…
АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-августу № 27/10-1
275 орундуу жаңы мектепке жер тилкесин бекитип берүү жөнүндө
Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Б.Супаевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ананьев айлынын Ленин көчөсүндөгү Ж.Абдрахманов атындагы мектептин аймагындагы жер тилкеси, жаңы салынып жаткан 275 орундуу мектепке бекитилип берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы Э.Б.Супаевке тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, байланыш, өндүрүш, ишмердикти өнүктүрүү, жер, агрардык реформа жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага | Кубат уулу Т |