Загрузка документа…
АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ананьев Айылдык Кеӊешинин XXVI I чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2017-жылдын 17-августу № 27/10-4
Келечек бала бакчанын ремонтуна жана Чет-Байсоорун айлына таза суу чыгаруу үчүн калдык акчадан акча каражатын которуу жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаты Н.Ч.Качкыновдун жана айыл өкмөт башчысы Э.Б.Супаевдин билдирүүлөрүн угуп, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ананьев айлынын Келечек бала бакчасынын ремонтуна жергиликтүү бюджеттен калдыктан 283267сом акча каражаты которулуп берилсин жана тендерге коюлсун.
2. Чет-Байсоорун айлына таза суу чыгаруу үчүн калдык акчадан 600 000 сом акча каражаты которулуп берилсин жана тендерге коюлсун.
3. Токтомдун аткарылышы финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы З.М.Аттоевага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, байланыш, өндүрүш, ишмердикти өнүктүрүү, жер, агрардык реформа жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
5. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага | Кубат уулу Т |