Загрузка документа…
АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ананьев айылдык Кеӊешинин XXVI I чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2017-жылдын 21-июну № 27/8-1
Кырсыктан жаракат алган адамдарга жардам берүү жөнүндө
1. 2017-жылдын 19-июнда Ананьев айлындагы жеке менчик газ станциясынын жарылуудан жабыр тарткандага жардам берүү жөнүндө сунушту карап, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
Жогоруда көрсөтүлгөн кырсыктан жабыр тарткан жарандар:
Махунов Нурбек Алимович 12.02.1971-жылы туулган, Орто-Өрүктү айлынан
Муканов Улан Эркинович 29.05.1979-ж. тулган, Ананьево айлынан
Бейшекеев Абдыбек Асанбекович 10.07.1956-ж. туулган, Жаркынбаево айлынан
Аширов Бактыбек Табылбекович 11.05.1960-ж. туулган, Ананьево айлынан
Жанеков Субан Карымшакович 26.09.1988-ж. туулган, Ананьево айлынан
Бориско Виктор Владимирович 16.01.1958-ж. туулган, Ананьево айлынан
Байбалаев Кубанычбек Маликович 06.04.1992-ж. туулган, Кашат айлынан
Ар бирине 10000сомдон, баардыгы 70000сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин. Каза болгон адамдардын сөөгүн алып чыкканга сарпталган 2000сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткаруу жагы башчы Э.Б.Супаевке милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага | Кубат уулу Т. |