Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-февралы № 27-13/2
Каракол шаарынын 2016-2020-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевдин, «Каракол шаарынын 2016-2020-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасы» жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, 2017-жылдын 1-февралындагы, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Каракол шаарынын 2016-2020-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасы» толуктоолор жана өзгөртүүлөр менен бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары У.Ж.Иманакуновго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |