Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-февралы № 27-13/3
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2017-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Регламентинин 50-беренесинин негизинде, 2017-жылдын 1-февралындагы, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XIII сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2017-жылга карата иш планы бекитилсин (№1 тиркеме).
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары У.Ж.Иманакуновго жүктөлсүн
Төрага | Э.Айсаракунов |