Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-февралы № 27-13/4
Суу түтүк» муниципалдык ишканасынын 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча иши жөнүндө
Суу түтүк» МИнин директору С.А.Өмүркановдун, «Суу түтүк» муниципалдык ишканасынын 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча ишинин отчетун угуп жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин унаа, жолдор, турак жай, муниципалдык, коммуналдык чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун, 2017-жылдын 1-февралындагы, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XIII сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Суу түтүк» муниципалдык ишканасынын 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча иши канаттандырарлык деп табылсын.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, унаа, жолдор, турак жай, муниципалдык, коммуналдык чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына (К.А.Ишембиев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |