Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-февралы № 27-13/5
Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча иши жөнүндө
Каракол шаарынын мэриясынын ММБДнин башчысы К.Т.Кожобаевдин, 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча, муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин иши жөнүндөгү отчетун угуп жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун, 2017-жылдын 1-февралындагы, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XIII сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча иши канаттандырарлык деп табылсын.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (М.Ө.Сагымбаев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |