Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-февралы № 27-13/6
П-1 зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мүлктү пайдалануунун негизги түрлөрүнүн тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовдун, 2015-жылдын 5-октябрындагы, кир.№01-7/538, П-1 өндүрүштүк зонасынын бөлүгүн башкага которуу жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Каракол шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын, 2016-жылдын 14-октябрындагы, чыг.№06-05/433 сунушун, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун, 2017-жылдын 1-февралындагы, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. П-1 (өндүрүштүк ишканалар зонасы) зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мүлктү пайдалануунун негизги түрлөрүнүн тизмегине, Каракол шаарынын, Кыдыр-Аке көчөсү, №71 дарегинде жайгашкан, аянты 36000.0 кв.м болгон жер тилкесин, С-1 (чоң тилкелүү саламаттыкты сактоо, билим берүү, илим, дене тарбия жана спорт объектилери) зонасына, Каракол шаардык кыздар үчүн, «Кут билим» окуу-тарбия комплексин уюштурууга өзгөртүү киргизсин.
2. Бул токтом, Каракол шаарындагы мусулмандар көрүстөнү расмий түрдө жабылгандан кийин жана Ысык-Көл областы боюнча кызматтын иш аракетин координациялоо милдети жүктөлгөн, Каракол шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбордун колдоого алына турган корутундусу чыгаргандан соң күчүнө кирет.
3. Каракол шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:
- Каракол шаарынын курулуш ченемдери жана Эрежелерине көрсөтүлгөн толуктоону киргизсин; — бул токтомду аткарууда, көрсөтүлгөн объектти максатту пайдалануу жагын кыйшаюусуз камсыз кылсын.
4. Каракол «Кут билим» кыздар окуу-тарбия комплексинин жетекчиси, КЧжЭге ылайык, Каракол шаарынын курулуш жана жерди пайдалануу Эрежелерин сактасын;
5. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Токтом ММКларда жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (М.Ө.Сагымбаев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |