Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-февралы № 27-13/7
«Кашка-Суу» кичи районунан, Ысык-Көл областтык ИИБнүн кызматкерлерине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына, көп кабаттуу социалдык үй куруу үчүн, жер тилкелерин бөлүп берүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэри Д.Арпачиевдин, 2016-жылдын 25-июлундагы, кир.№01-7/10-393 маалыматын, Ысык-Көл областынын ички иштер башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги О.Ж.Урмамбетовдун, 2016-жылдын 29-июнундагы, чыг.№17/4340, Каракол шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысынын орун басары С.Сарыбаевдин, 2016-жылдын 20-июлундагы, кир.№01-7/384, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Ж.А.Дуйшембиевдин, 2017-жылдын 30-январындагы, кир.№01-7/62 каттарын угуп жана талкуулап, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун, 2017-жылдын 1-февралындагы, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын мэриясы жер тилкелерин бөлүп берсин:
- Ысык-Көл областтык ИИБине, «Кашка-Суу» кичи районунда долбоорлоо жана көп кабаттуу социалдык турак үй куруу үчүн, 30 сотых аянтты түзгөн жер тилкесин; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКна, «Кашка-Суу» кичи районунда, долбоорлоо жана көп кабаттуу социалдык турак үй куруу үчүн, 30 сотых жер тилкесин.
Ысык-Көл областтык ИИБ жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМК төмөнкүлөргө милдеттендирилишсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы №252 токтому менен бекитилген Жобого, Кыргыз Республикасынын шаар куруу регламентине ылайык, Каракол шаарында жерди пайдалануу жана курулуш Эрежелерин сактоо менен, долбоорлоону киргизсин; - көп кабаттуу турак үйдү долбоорлоодо, 5 кабаттан кем эмес болсун;
2. Ысык-Көл областтык ИИБ жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМК, Көп кабаттуу социалдык үйлөрдү куруу иштерин 3 жылдын ичинде бүтпөсө, бир тараптуу тартипте, Каракол шаарынын муниципалдык менчигине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде, кайтарылып алынат.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (М.Ө.Сагымбаев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |