Редакцияот 03.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 3-февралы № 27-13/10

Каракол шаардык муниципалдык жүргүнчүлөрдү ташуу автобазасынын директорун ээлеген кызматынан бошотуу үчүн макулдашуу жөнүндө

Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевдин, 2017-жылдын 30-январындагы, №01-7/52 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү, Мыйзамынын 3-бөлүгүнүн, 44-берене, 1-пунктунун негизинде, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2016-жылдын 1-декабрындагы №27-11/2 токтомуна ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2017-жылдын 1-февралындагы Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XIII сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевге, Каракол шаардык муниципалдык жүргүнчүлөрдү ташуу автобазасынын директору Шаршекеев Искендер Өзгөрүшовичти, ээлеген кызматынан бошотууга, макулдук берилсин.

2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

3. Токтом ММКларда жарыялансын.

4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Дж.Мамбетов) жүктөлсүн.

 

Төрага

Э.Айсаракунов