Загрузка документа…
АЙДАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-февралы № 15
Айдаралиевайыл аймагынын 2017-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө
Айдаралиев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдаралиев айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү боюнча 8199,9 мин сом өлчөмүндө жана чыгаша бөлүгү 8199,9 мин сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Айдаралиев айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү №1 тиркемеге ылайык булактардан тушуучу каражаттардын эсебинен тузуло тургандыгы аныкталсын.
3. Айдаралиев айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгү №2 тиркемеге ылайык чыгаша булактарынан тураары белгиленип аныкталсын.
4. Айдаралиев айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бюджетинин накталай кассалык акча жугуртуу каражатынын көлөмү №3 тиркеменин негизинде бекитилсин.
5. Айдаралиев айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча жалпы өлчөмү №4 тиркемеге ылайык белгиленип аныкталсын.
6. 2017-жылга Айдаралиев айыл өкмөтүнүн чыгашасынан тышкары оздук чыгымдан резервдик фонд тузулсун.
7. Айдаралиев айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнун расчеттору №6 тиркемеге ылайык белгиленип бекитилсин.
8. Айдаралиев айыл аймагындагы “Копуро-Базар” балдар бакчасына ата-энелерден түшүүчү каражаттын киреше бөлүгү 530,0 мин сом өлчөмүндө жана чыгаша бөлүгү 530,0 мин сом өлчөмүндө белгиленсин. Айдаралиев айыл аймагындагы “Копуро-Базар” балдар бакчасына ата-энелерден түшүүчү каражат атайын каражаттын негизинде көзөмөлгө алынсын.
9. КР каржы министирлиги тарабынан Айдаралиев айыл аймагынын 2017-2018-2019 жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү долбоору бекитилсин.
10. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн чыъдоо максатында төмөнкүдөй салыктар жана жыйымдар киргизилсин жана алардын ставкалары томондогудой олчомдо бекитилсин: . жер салыктары Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде бекитилсин. . мулк салыгы Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде бекитилсин. . транспорт ээлеринен алынуучу салык, менчик автоунаалары жана айыл чарба техникалары бар КР жарандары, чет олколук жарандар жана жарандыгы жок жактар салык төлөөчү болуп эсептелет. Салык чегерүү обьектиси жана өлчөмү КР салык кодексинин 198-беренесинин негизинде жүргүзүлсүн.
11. Айыл аймагынын мекеме уюмдарынын жыл ичинде каржылоо чыгымдарына зарыл болгон учурда бир бөлүмдөн экинчи бөлүмгө жана статьядан статьяга, чейректен чейрекке жылдыруу жагы айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
12. Токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы Айдаралиев айыл Кеңешинин экономика бюджет жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Жолдошов.У |