ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2017-жылдын 08-августу № 67
Кыдыр-Аке жана Ленина көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңы светофорду куруу боюнча жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын негизинде айыл аймактын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык пландаштырууну уюштуруу менен калкка социалдык жана маданий кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруу үчүн калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу, жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү максатында айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыдыр-Аке жана Ленина көчөлөрүнүн кесилишиндеги жацы светофорду куруу боюнча жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Эски светофорду Кыдыр-Аке жана Т.Сыдыкбеков көчөлөрдүн кесилишинде куруу боюнча жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Ушул токтом каттоо реестр журналына катталып, Кыргыз Республикасынын вкметуне караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин сайтына жайгаштыруу учун жиберилсин жана мыйзам чегинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышьш көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Темиров |