ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2017-жылдын 08-августу № 66
Теплоключенка айыл аймакта беш аялдама куруу боюнча жер тилкелерин бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын негизинде айыл аймактын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык пландаштырууну уюштуруу менен калкка социалдык жана маданий кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруу үчүн калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу, жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү максатында айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймак боюнча төмөндөгу жерлерде аялдамаларды куруу боюнча жер тилкелерин бөлүп берүүгө макулдук берилсин:
- Ленина көчөсүндө Кайкалакта -1, Манаста -1, Ленина №164 уйдун жанында - 1
- Кыдыр-Аке жана Т.Сыдыкбеков көчөлөрдүн кесилишинде - 1;
- Лесное айылынын кире беришинде - 1.
2. Ушул токтом каттоо реестр журналына катталып, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин сайтына жайгаштыруу үчүн жиберилсин жана мыйзам чегинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Темиров |