Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2017-жылдын 08-августу № 65
Айылдык кеңештин 2015-жылдын 27-июлундагы №49 "Айыл аймагынын көчөлөрүн асфальтоо жөнүндө " токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Айыл аймагынын көчөлөрүн асфальтоо иштерине республикалык бюджеттен бөлүнүп жаткан акча каражаттарын эффективдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып, айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттен бөлүнүп жаткан акча каражатына кечелерду асфальтоого сунушталган көчөлөрдүн узундугу томонкучо өзгөртүлсүн: Боронбай-хан көчөсү Кыдыр-Аке көчөсүнөн өйдө Спортивная көчөгө чейин 1400 метр, Джаныбекова көчөсү Кыдыр-Аке көчөсүнөн өйдө Токтогул көчөгө чейин 1000 метр жана Спортивная көчөсү Боронбай-хан көчөсүнөн баштап Шапак Баатыр көчөсүне чейин 600 метр.
2. Асфальтоо иштери 2017-жылдын 15-сентябрына чейин бүткөрүлсүн.
3. Ушул токтом каттоо реестр журналына катталып, Кыргыз Республикасынын Экметуне караштуу Жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин сайтына жайгаштыруу үчүн жиберилсин жана мыйзам чегинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн
Төрага | А.Темиров |