Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 05-сентяры № 24
Кадамжай шаарындагы борбордук айланпага фонтан жана светодиоттук саат курууга уруксат берүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде, депутаттардын пикирлерин эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарындагы муниципалдык борбордук айланпага жана анын тиешелүү болгон аймагына музыкалык фонтан жана светодиоттук саат курууга уруксат берилсин.
2. Инвестор менен келишим түзүп, курулуш иштерин мыйзам ченеминде сапаттуу аткарылышын көзөмөлгө алыш жагы шаардын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
3. Фонтан жана светодиоттук саат курулуп бүткөндөн кийин мэриянын муниципалдык менчигине катталсын (Б.Искендеров).
4. Токтомдун аткарылышы шаардын мэри Б.Бегалиевке жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы убактылуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | А.Абдраимов |