Редакцияот 05.09.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

III чакырылышынын кезексиз сегизинчи сессиясы

 

2017-жылдын 05-сентяры № 26

Кадамжай шаарынын  борбордук айланпасына курулуучу фонтан жана светадиоттук сааттын курулуш иштерин көзөмөлдөө боюнча убактылуу комиссия түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 32-беренесинин негизинде Кадамжай шаардык кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Кадамжай шаарынын борбордук айланпасына курулуучу фонтан жана светадиоттук сааттын курулуш иштерин көзөмөлгө алуу үчүн   убактылуу комиссиясы төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:

1.    Арыков Исламидин Утупиллаевич  - шаардык кеңештин депутаты;

2.    Дастиров Кубаныч Айдаралиевич   - шаардык кеңештин депутаты;

3.    Кудайбергенов Авазбек Алибаевич - шаардык кеңештин депутаты;

4.    Ашимова Нуркан Жусуповна  – шаардык кеңештин депутаты;

5.    Аманов  Азизбек  Козубаевич -. шаардык кеңештин депутаты;

6.    Абдрапов Султан – райондук архитектуранын адиси;

7.    Сейдалиев Азизбек – экотехинспекциянын адиси;

8.    Маматалиев Азад – экология боюнча адис;

9.    Искендеров  Бакыт – ДМСтин башчысы. 

  1. Жогорудагы убактылуу комиссияга курулуш  иштери аяктаганга чейин көзөмөл жүргүзүү жагы  тапшырылсын.

 

Төрага

А.Абдраимов