Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
III чакырылышынын кезексиз сегизинчи сессиясы
2017-жылдын 05-сентяры № 28
Кадамжай шаарындагы мектептердин жана бала бакчалардын жанынан өткөн жолдорго “лежачий полицейский” орноштуруу жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши жол коопсуздугун сактоо жана балдар арасында жол кырсыктарын алдын алуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардын аймагындагы мектептердин жана бала бакчалардын жанынан өткөн жолдорго Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде “лежачий полицейский” орнотуу жагы Кадамжай ДЭП-46 ишканасына (С.Ысмановко) сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышы шаардын мэри Б.Бегалиевке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Абдраимов |