Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышынын) кезектеги VIII- сессиясы
2017-жылдын 12-сентябры № 64
Дара айыл өкмөтүнүн 2017-жыл үчүн түзүлгөн сметасынын чыгаша бөлүгүнүн статьяларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн 2017-жыл үчүн түзүлгөн бюджетинин 6 ай ичинде аткарылышы жөнүндө жана кээ бир статьяларды жылдыруу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Дара айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн 2017-жыл үчүн түзүлгөн жергиликтүү бюджетинин алты ай ичинде аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Дара айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2017-жыл үчүн түзүлгөн сметасынын чыгаша бөлүгүнүн 1раздел аппараттын 2221 беренесиндеги 154.6 (бир жүз элүү төрт миң алты жүз) сом акча каражаты 2222 беренесине;
3. 8 раздел маданият (клуб) 2221 беренесиндеги 495.7 (төрт жүз токсон беш миң жети жүз) сомду, 2222 беренесиндеги 399,6 (үч жүз токсон тогуз мин алты жүз) сом, бардыгы 895,3 (сегиз жүз токсон беш миң үч жүз) сом акча каражатын, 1 раздел аппараттын 2222 беренесине;
4. 9 раздел балдар бакчасынын 2221 беренесиндеги 1046.1 (бир миллион кырк алты мин бир жүз) сом акча каражатынын 438.0 (төрт жүз отуз сегиз мин) сомун 2215 беренесине, 608,1 (алты жүз сегиз миң бир жүз) сомун 1 раздел аппараттын 3111(31113290) беренесине жылдырылып берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Токтомушевага милдеттендирилсин.
Төрага | М.Султанов |