Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышынын) кезектеги VIII- сессиясы
2017-жылдын 12-сентябры № 67
Жаңы-Жер айылындагы Атылган-Таш участкасынан 150га жер аянтын которуу (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылындагы Атылган-Таш участкасынан 150га жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү боюнча Дара айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Дыйкановдун даярдалган маалыматын угуп жана талкуулап депутаттардын Дара айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылындагы Атылган-Таш участкасынан 150га жер аянты айыл чарба жерлердин жайыт жерлеринен калктуу конуштар категориясына которууга(трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылындагы Атылган-Таш участкасынан 150га жер аянтын трансформациялоо жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жүктөлсүн.
Төрага | М.Султанов |