Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышынын) кезектеги VIII- сессиясы
2017-жылдын 12-сентябры № 71
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин Уставын бекитүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин Уставын бекитүү боюнча жайыт комитетинин төрагасы К.Нуридиновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Дара айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин Уставын бекитилсин..
2. Кыргыз Республикасынын жайыт жөнүндөгү мыйзамына ылайык 2009-жылдын 26-январындагы №30-токтомуна өзгөртүүлөр киргендигине байланыштуу уйга 125сом, музоого 87.50сом, жылкыга 125сом, түтүн пулу 2м3-600сом, кургак отунду пайдалануу үчүн 1м3-400сомго бекитилсин жана жайыттарды мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу келишимдин негизинде жүргүзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М.Султанов |