Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышынын) кезектеги VIII- сессиясы
2017-жылдын 12-сентябры № 72
Дара айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 17-июнундагы №49-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Дара айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 17-июнундагы №49-токтомуна өзгөртүү киргизүү боюнча даярдалган билдирүүнү угуп, депутаттардын Дара айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 17-июнундагы №49-токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин.
2. Дара айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 17-июнундагы №49-токтомунун 2-пунктундагы “чарбалык эсептеги”-деген сөзү алынып, Дара айыл аймагынын алдындагы “Дара-Тазалык” муниципалдык ишканасы болуп аталсын.
3. Дара айыл аймагынын алдындагы “Дара-Тазалык” муниципалдык ишканасын ачуу жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. 2017-жылга “Дара-Тазалык” муниципалдык ишканасына 100000 (жүз миң) сом субсидия берилсин.
5. Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 17-июнундагы №49-токтому күчүн жоготсун.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулукту сактоо жана укук тартиби, административдик жана текшерүү иштери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковго милдеттендирилсин.
Төрага | М.Султанов |