Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 07-сентябры №71
Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө келишимди бекитүү
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрели №202 "Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышы боюнча чаралар жөнүндө" жана 2014-жылдын 19-декабры №715 "Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин келемун эсептоенун убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө" токтомдорунун негизинде айылдык аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө келишим бекитилсин бир штаттык бирдик эмгек акысы менен суралсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб- сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Теплоключенка айыл өкмөтү милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы каржы бөлүмүнүн башчысы Д.С.Абдыкеримовага милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге
Төрага | Э.А.Темиров
|