Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-майы № 22\1
Кара-Кулжа Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2016-жылга киреше, чыгашасын жана жайыт пайдалануу тарифтерин бекитүү жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамынын 8-беренесинин, Кыргыз Республикасынын жайыттар жөнүндөгү” мыйзамынын 4-беренесине ылайык жок болуп кетүү коркунучундагы жаныбарларды, өсүмдүктөрдү сактап калуу жана айлана-чөйрөнү коргоо, жайыттарды натыйжалуу, сарамжалдуу башкару боюнча Кара-Кулжа айылында 10.03.2016-жыл Сары-Камыш айылында 12.03.2016-ж, Биймырза айылында 09.03.2016-жыл жана 1-Май айылында 11.03.2016-жылдагы өткөрүлгөн элдик жыйындардын протоколдук чечимдерин бекитүү жөнүндө Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) төрагасынын 2015-жылдагы берген отчетунун бюджетинин аткарылышы айрым кемчилдиктер менен канаттандырарлык деп табылсын.
2. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн статистика отчетунун негизинде уйлар 5008 баш, жылкы 21.55 башка кой жандыктар шарттуу башка 3862.2 сырттан келген (30.000 баш кой-жандык) шарттуусу 6000 баш, 850 жылкы баары 17725 баш болгон шарттуу малга бекитилсин.
3. Жайыт пайдалануу ийри мүйүздүү малга (жылкыга) 60 сом, мал-жандыкка 12 сомдон, сырттан келген ийри мүйүздүү малга 100сом, мал-жандыкка 35 сомдон тарифи бекитилсин.
4. Кара-Кулжа Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жер аянты көп болгондуктан, жайыт салыгы колдонулган 17725 гектарга, жайыт салыгы 93942.5 сомго бектилисин.
5. Кара-Кулжа Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин колдонулбаган жер аянттарын пайдалануу укугун беруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 13.09.2013-жыл №515 токтому менен бекитилген типтүү жобонун 4-бөлүмүндөгү жайыт ресурстарын мал жаюуу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү үчүн акыны 15,16,17 бөлүкчөлөргө карап Неп=УхЦ формуласы боюнча аныкташсын.
6. Кара-Кулжа Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2016-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 1041500 сомго, чыгаша бөлүгү 1041500 сомго бекитилсин.
7. Көчүп кетүү 10-майга, көчүп келүү 15-сентябрь деп белгиленсин.
8. Жайыт билетин албаган, коуу жана көчүп келүү мөөнөттү бузган жайыт пайдалануучуларга Кыргыз Республикасынын Жайыттар жөнүндөгү мыйзамынын 93-ст. 2-пунктун негизинде, юридикалык жакка 10.000 сом, жеке жаранга 5.000 сом айып пул көрсөтүлсүн.
9. Кара-Кулжа Жайыт пайдалануучулар бирикмеси (ЖПБ) менен бирдикте АРИС уюму тарабынан ишке ашып жаткан Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2 долбоорунун алкагында 2016-2019-жылга жайыт башкаруу планы 257971 S (19 347 792 сомго) сметасы менен кошо бекитилсин.
10. Кара-Кулжа Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) жайыты 1997-жылга чейин “Геоцентр” тарабынан чийилген контурдагы жайыт аянты өзгөрүлбөсүн жана Кара-Кулжа токой чарбасына караштуу жайыт аянттарындагы жайыт акысы Кара-Кулжа Жайыт пайдалануучулар бирикмеси (ЖПБ) тарабынан чогултулсун жана 50% токой чарбасына көтөрүлүп берилсин.
11. Алыскы жайыттардагы мергенчиликти токтотуу максатында Суук-Тор, Кара-Жылга, Муз-Тор, Кара-Кол, Кучура-Белге чейинки 23070 га жайыт участокторуна “Кара-Зоо” ОсОО суна жайыт билети келишимдин негизинде берилсин.
12. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын торайымы К.Эркебаевага тапшырылсын.
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Абдыкадыров |