Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-январы № 3/1
Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2017-жылдын бюджетин бекитүү жана 2018-2019-жылдардын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз-Кыштак айылдык Кеңеши күн тартибиндеги маселе боюнча 1998-жылдын 11-июнундагы №78 «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү», 2003-жылдын 25-сентябрындагы № 215 «өз алдынча башкаруу органдарынын финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү» 201__-жылдын «____»_______________ №____ «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамынын негизинде тузулуп, Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин бюджет жана экономика маселеринин туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алуу менен каржы бөлүмүнүн башчысы C.Коймуратовтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз-Кыштак айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы кирешелер болугу 7422,9мин сом, чыгашалар бөлүгү 7555,2 мин сом олчомундо аткарылган отчету бекитилсин.
2. Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бюджетинин киреше бөлүгү (атайын каражатсыз) 9544,7 мин сом өлчөмүндө № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгү (атайын каражатсыз) 9544,7 мин сом өлчөмүндө № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2017-жылга атайын каражаттар боюнча кирешелери жана чыгашалары 135,0 мин сом өлчөмүндө № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2018-2019-жылдар учун негизги параметрлеринин болжолу 2018-жылга керешелер жана чыгашалар 9772,1 мин сом өлчөмүндө № 4 тиркемеге ылайык 2019-жылга 10196,8 мин сом өлчөмүндө № 5 тиркемеге ылайык жактырылсын.
6. Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлөр, тамак-аш жана комуналдык чыгымдар) жүргүзүлсүн.
7. Чыгашалардын корголгон беренелерине каралган каражаттар штаттык бирдиктер жана нормативдик актылар өзгөргөндө азайтылышы же кобойтулушу мумкун.
8. Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жылдык бюджети 2017-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилсин.
9. Бюджеттик жана атайын каражаттарды казыналыкты айланып өтүү м-н. иштетүүгө тыюу салынсын.
10. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенешинин бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Миталипов |