Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Кыштак айылдык кенешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги III cессиясы
2017-жылдын 27-январы № 3/2
Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылдык кенешинин 6-сессиясынын отуруму жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтуу өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктарын өткөрүлүп, берилсин.
2.Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы жайыт жерин башкарууну жана пайдаланууну жергиликтуу кенеш тарабынан расмий бекитилген, Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын көп жылдык жана бир жылдык пландарынын негизинде гана жургузуусу милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн пландар өз убагында аткарылбаса же аларды иш жүзүнө ашырууда одоно кемчиликтерге жол берилсе, анын ичинен Жайыт комитетинин карамагындагы акча каражаттары максатсыз пайдаланылса өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктары кайта жергиликтуу өз алдынча башкаруу органына кайтарылып алынаары жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт комитетине эскертилсин.
4.Жайыт комитетинин башчысы жайыт комитетинин бардык мүчөлөрүнө, жайыт пайдалануучуларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана анын жергиликтуу расмий өкүлчүлүктөрүнө, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана бекитилген пландарга ылайык өз убагында толугу менен тийиштуу отчетторду маалыматтарды берип туруусуна милдеттуу.
5.Жайыт комитетине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды өз убагында жана бекитилген тартипте даярдоодо, макулдашууда, бекитуудо жана аткарууда ар тараптуу, жардамдар такай көрсөтүлүп туруусу белгиленсин.
6.Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын негизинде жүргүзүлүүсү каралсын.
7.Бул токтомдун аткарылышын тейлөө Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлөт.
Төрага | А.Миталипов |