Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 08-сентябры № 29
Сүлуктү шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2017-жылдын I-жарым жылдыгында аткарылышы жана бюджеттен тышкары фонддордун пайдаланышы жөнүндө
Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2017-жылдын I-жарым жылдыгында аткарылышы жана бюджеттен тышкары фондордун пайдаланышы тууралуу шаардын мэри Р. Абдыназаровдун маалыматын жана шаардык кеңештин бюджет, экономика, инвестиция, ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31, 41, 44 беренелеринин жана ”Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү” Мыйзамынын талаптарынын ченеминде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2017-жылдын I-жарым жылдыгында аткарылышы жана бюджеттен тышкары фонддордун пайдаланышы тууралуу шаардын мэри Р. Абдыназаровдун отчету бекитилсин.
2. 2017-жылдын I-жарым жылдыгында шаардык бюджеттин киреше бөлүгүнүн толук аткарылбагандыгы белгиленсин.
3. 2017-жылдын I-жарым жылдыгындагы бюджеттин жетишсиздигин толуктоо үчүн муниципалдык менчикте турган мүлктү пайдалануудан, сатуудан, ижарага берүүдөн, жергиликтүү өз алдынча башкарууга караштуу органдардын кызмат көрсөтүүдөн түшкөн кирешелердин планда белгиленген өлчөмүн аткаруу жана жергиликтүү бюджетти толуктоо үчүн кошумча булактарды табуу боюнча тийиштүү жогорку органдарга кайрылуу жагы шаардык мэрияга жүктөлсүн.
4. Шаардык мэрияга 2017-жылын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнун аткарылышын көзөмөлдөө жагы милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга, көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, инвестиция, ишкердикти өнүктүрүү боюнча шаардык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | Т. Азизбеков |