Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышы) VI сессиясы
2017-жылдын 08-сентябры № 30
Жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча Сүлүктү шаардык мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору менен ветеренардык кызматтын аткарган иштери жөнүндө
Жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча Сүлүктү шаардык мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору менен ветеренардык кызматтын аткарган иштери жөнүндө шаардык мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкери З.Эшмурзаеванын, шаардык ветеренардык участканын башчысы Абдырасуловдун жана шаардык кенештин cоциалдык маселелер, билим беруу, саламаттыкты сактоо, жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, ”Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөгү” мыйзамдарынын талаптарына ылайык депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча Сүлүктү шаардык мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун аткарган иштери боюнча маселе шаардык кеӊештин кезектеги сессиясында каралсын
2. Жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча шаардык ветеренардык участкасында тийиштүү иштер аткарылып жаткандыгы белгиленсин.
3. Сүлүктү шаарынын вице-мэри М.Сапаркуловага жана шаардык ветеренардык участканын башчысы Абдырасуловго жаныбарлардын жугуштуу жана жапырт жукпай турган ылаңдарынын пайда болушунун жана жайылып кетишинин алдын алууга, элдерди адамдар менен жаныбарлар ооруучу жалпы илдеттерден коргоого, жаныбарлардын ылаңдары келтирүүчү зыяндын алдын алууга багытталган иш-чараларды түзүу жана аткарылышын камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин
4. Шаардын калкынын саламаттыгын коргоого жана чындоого, ветеринардык-санитардык талаптарды жана эпизоотияга каршы күрөшүү багытында шаардын тургундарын өз убагында ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу жана тиричилик калдыктарын тазалап алып чыгарууну камсыз кылуу жагы “Сүлүктү Тазасууканал” жана “Сүлүктү Тазалык” муниципалдык ишканалардын жетекчилери А. Эрискуловдон жана К. Мадаминовдон талап кылынсын.
4. Шаардын тазалыгын сактоо, жашоочулардын арасында жугуштуу оорулардын таркап кетпеши учун тарбиялык, гигиеналык иштерди күчөтүү багытында дайыма иш жүргүзүү жагы мекеме, уюм, ишканалардын, коомдук уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу аймактарынын башчыларынан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сүлүктү шаарынын вице-мэри М. Сапаркуловага, көзөмөлдөө жагы шаардык кенештин социалдык маселелер, билим беруу, саламатыкты сактоо, жаштар, спорт жана маданият боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Азизбеков |